Chyndyk_kg's Instagram Audience Analytics and Demographics

@chyndyk_kg

Kyrgyzstan

admin: @sadyrkulovich_ 🆕Жаңы жана актуалдуу материалдар. 📩Реклама-Direct Telegram👇👇👇
Kyrgyzstan

Business Category

Publishers

Get Our Influencer Rate Card Today!

A brand new way for you to compare the rates of influencers across the world.

Learn More

PROFILE OVERVIEW OF CHYNDYK_KG

Average engagement rate on the posts is around 0.40%. The average number of likes per post is 2365 and the average number of comments is 57.

Check chyndyk_kg's audience demography. This analytics report shows chyndyk_kg's audience demographic percentage for key statistic like number of followers, average engagement rate, topic of interests, top-5 countries, core gender and so forth.

Followers
643,385
Avg Likes
2,365
Avg Comments
57
Posts
21,770

GENDER OF ENGAGERS FOR CHYNDYK_KG

Female
0 %
Male
0 %

RECENT POSTS

1,959 49

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн шаардын Токомбаев көчөсү тандалды. Кийинчерээк дагы төрт көчө кошулмакчы. Бишкекте коомдук транспорттор үчүн өзүнчө тилке уюштуруу пландалып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. "Автобустун ылдамдык системасы" долбоорун ишке ашыруу үчүн Токомбаев көчөсү сунушталган. Кийинчерээк Жукеев-Пудовкин, Москва, Киев көчөлөрүндө жана Жибек Жолу проспектинин Батыш автовокзалдан Жаш Гвардия проспектине чейинки бөлүгүнө өзүнчө тилке кошуу пландалууда. Эске салсак, 1-ноябрдан тарта баш калаадагы коомдук транспорттордо жол киренин тарифи жогорулайт. Автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сом (мурда 8 сом) болсо, маршруттук кичи автобустарда 15 сом (буга чейин 10 сом) болот.

291 0

Барактаңыз👉👉👉 📌 90 % практика 📌 Арзан, бирок сапаттуу билим аласыз 📌 0706 10 30 06 вотс ап, же direct жазабыз @til_akademiyasy

2,625 113

Үй-бүлөлүк медициналык борборлор мурда ишембиде түшкө чейин иштесе, эми кечке чейин оорулууларды кабыл алат. Ал эми жекшембиде түшкү экиге чейин болушат. Бишкекте курч кармаган вирустук респиратордук инфекциялар (КРВИ) көбөйүп жаткандыктан үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күнү да иштемей болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, КРВИге чоңдор да, балдар да кабылып жатат. Бирок көбүнчө 2 жаштан 14 жашка чейинки балдар. "Бүгүн чогулушта үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күндөрү да иштейт деген чечим чыгардык. Алар мурда ишембиде түшкө чейин иштесе, эми кечке чейин оорулууларды кабыл алат. Ал эми жекшембиде түшкү экиге чейин болушат. Ошондой эле процедуралык кабинеттер күндө саат 20:00гө чейин иштейт", — деди Исмаилова. Ал, мындан сырткары, Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасында кабыл алуу күчөтүлгөнүн айтып, дем алыш күндөрү үй-бүлөлүк медициналык борборлордун дарыгерлери жиберилип турарын кошумчалады. Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов кайрылган балдардын көбү сасык тумоо болуп жатканын билдирди. "Кечээ ооруканага 702 оорулуу кайрылса, анын 348и соматикалык оорулар (КРВИни да камтыйт) экен. 42 бейтап жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жиберилди. Негизи ата-энелер үй-бүлөлүк медициналык борборлорго барбай эле дароо бизге келип жатышат, муну өздөрү деле айтууда. Биздин ооруканага адатта жатам дегендер келет, анан келген кишини да кетире албайт экенсиң. Азыр күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз, Бишкектен сырткары, Чүйдөн да келишүүдө", — деди Маманов. Башкы дарыгер балдар арасында сасык тумоо менен КРВИнин өсүшүнө акыркы учурда аба ырайынын кескин өзгөрүшү, мектеп, окуу жайлардын ачылып кыймылдын көбөйүшү, ошондой эле шаардыктардын аралыкты сактабай, бет кап тагынбай жатышы себеп экенин кошумчалады.

1,097 96

SOS.SOS.SOS Здравствуйте! 13.10.21 в 18:55 на московской/советской в одной из обменных бюро, данной девушке выдали лишнюю сумму ( в размере 900,000тенге). Если вы себя узнали прошу вернуть за вознаграждения! Заранее извиняюсь за этот пост! У нас не было другого выхода. Добрые люди, если вам это девушка знакома прошу помочь и посодействовать в нашем поиске!! Мы верим что у нас есть такие качества как доброта и честность ! тел.0504-56-60-60

5,092 348

Социалдык тармактарда кыргызстандык айымдын мигрант балдардын ата-энелерине жазган кайрылуусу коомчулуктун зээнин кейитти. Ал Кыргызстанда жатып алып Москвада акча жаап жаткандай жүгүн артып алган мигранттардын ата-энелерине алардын чыныгы күнүмдүк жашоосун баяндап жазган. «Москвада батир кымбат үчүн, бир бөлмөсүндө өзүң жашасаң, экинчи бөлмөсүн сөзсүз бирөөгө бересиң. Мен көбүнчө эркек, бойдок балдарды алчумун. Жүгү аз болот, бир нерсе айтсаң да угат. Кыздарды алсаң, алты чемоданы менен келет. Байкуш балдар кечке иштеп келип, эптеп-септеп курсагын тойгузат да, жуунса жуунду, жуунбаса ошол бойдон уйкуга кетишет. Айлыгын алып эле, батирдин акысын төлөйт, өзүнө бир сом алып калбай ата-энесине салган балдарды көрдүм. «Эже тамак-ашка акча берип туруңузчу», — дешип, кийинки айлыкка чейин кайра карыз болуп калышат. Айлык алдың го кана десең, апам тойго барат, анан кредит-предит, палан-түкүн деген бойдон калат. Өзү арзан батон алып келип, майонез сыйпап жеп отурган болот. Ичкени доширак. Болбосо 30-40 миң айлык алат. Качан айлык алаарын үйүндөгүлөрү билет, акчаны салгыча, эне жаныбар жүз жолу чалат. «Салдыңбы акчаны, банк жабылып калат, тез салагой, банктын эшигинде отурам», — деп. Акчаны салып келип чалат баласы. Телефонго жооп жок, вотцапка жазса да жооп жок. Жанагы жүз жолу чалган энеден кабар жок. Жок дегенде «акчаны алдым», — деп койбойт. “Золотая корона” апаң акчаны алды деп өзү жооп берет. Түнкү кезметтен келген бала дароо уйкуга кетет. Бардык энелер дегенден алысмын, бирок ушундай энелер бар экенине күбө болгонмун. Акчаны алып, кафеде шапар тээп, бөлөк-салак болуп бийлеп жүргөн ата-энелер деле жок эмес. Айланайын ата-энелер, балдарыңарды аягылачы. Бөтөн элде, бөтөн жердебиз. Эртели-кечке эшектей иштетип, анан берет айлыкты. Жумушта бригадириңен, жолдо менттерден, үйгө келсе кожоюндан коркуп, күн кечиришет. Балдарыңар тапкан акчаны үнөмдүү пайдаланып, беш сомун жесеңер, он сомун өзүнө сактап, топтоп бергилечи акчаларын. Балдар биздин келечек, каарып-аарыганда бага турган жалгыз үмүтүбүз го. Жаштайынан отко, чокко салып, ден соолугун жок кылып алсак, анын келечеги эмне болот?!», — деп жазылат анда.

1,276 8

Кыргызстанда 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Быйыл майрам күндөрдүн бири эс алуу күнүнө туура келгендиктен, анын орду иш күнгө жылды. Ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдирди. Быйыл 7-ноябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен дем алыш күн шейшемби, 9-ноябрга, жылдырылат. 2017-жылдан бери 7-8-ноябрь – Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет. Мындан сырткары, 7-ноябрда Кыргызстандын ЖМКлары Маалымат жана басма сөз күнүн майрамдашат.

5,486 64

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өзгөчө образда түшкөн сүрөтүн жарыялады. Мушкер айым сүрөттүн алдына эч кандай билдирүү жазып калтырган жок. Валентина Шевченконун бул сүрөтү эки сааттын ичинде эле 30 миңден ашык "жакты" белгисин алды. 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 266" турниринде Валентина Шевченко америкалык Лорен Мёрфи менен кез келип, атаандашын беттештин төртүнчү бөлүгүндө техникалык нокаутка учуратып, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калган.

2,510 26

Конокко барган команда жеңишти белгилөө үчүн фанаттары турган жакка келишкен. Алар ийгиликке секирип кубанып жаткан учурда трибуна урап түшкөн. Нидерланддын Неймеген шаарындагы стадиондун трибунасы күйөрмандары менен кошо урап түштү. Окуя өлкө чемпионатынын тогузунчу турундагы оюндун аягында болгон. "Витесс" клубу жергиликтүү НЕК менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Беттештен соң жеңишти белгилөө үчүн футболчулар фанаттары турган трибунага келишкен. Күйөрмандар ийгиликке кубанып секирип жаткан учурда конструкция салмакты көтөрө албай урап түшкөн. Кырсыктан эч ким жапа чеккен эмес. Кыйроого карабай "Витесстин" фанаттары майрамдоосун улантышкан. Маалым болгондой, "Де Гофферт" стадиону 1939-жылдын 8-июлунда ачылып, 12 500 кишиге ылайыкташкан. Арена 2000-жылдын аягында заманга бап оңдолуп, 25-январда экинчи расмий ачылышы болгон.

3,055 68

Токмокто түнкү саат 23:00дөн кийин катуу музыка коюууга тыюу салынууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай демилгени шаардык кеңештин депутаттары көтөрүп чыгышкан. Алар түнкү саат 23:00дөн таңкы 7:00гө чейин музыкасыз тынчтык өкүм сүрүүсүн каалашат. Анда бардык музыкалык аспаптын коштоосундагы музыка айтылган. Бирок депутаттардын сунушу кабыл алынган жок. Бул маселе үстүнөн иштелип чыгып, кийинки сессияда каралат. Ошондой эле Токмоктогу №1 балдар билим берүү уюмунун чатырын оңдоого 150 миң сом бөлүнөт. Ал эми 470 миң сомго 107 тонна көмүр сатып алынат.

1,890 26

Бүгүн, 18-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 204 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 215 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 372 куб метрге жетүүдө.

1,316 8

Картинанын премьерасы 2022-жылы болот деп айтылды. Фильмге Nomad Stunts кыргыз-казак командасынын каскадерлору катышкан. Кыргызстанда якутиялыктардын "Хаар Кынат" фильмин тартуу иштери аяктады. Бул туурасында "Якутия24" агенттиги кабарлады. Этно-фэнтези жанрындагы бул киного Марианна Сиэгэн режиссерлук кылган. Окуя мындан бир топ жыл мурдагы мезгилдерди баяндайт. Хаар Кынат аттуу жетим бала таасирдүү кишинин Айкуо аттуу кызын сактап калат. "Фильм пандемиядан улам бөлүк-бөлүк болуп тартылды. Финалдык блок Кыргызстандын кооз жерлеринде тасмага түштү. Мен урматтаган адам, "Кыргызфильмдин" башкы директору Акжолго уюштуруу иштерине көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазылык билдирем", — деп жазган режиссер Марианна Сиэгэн Instagram баракчасына. Маалыматта экшн учурларды Жайдарбек Кунгужинов башында турган Nomad Stunts кыргыз-казак командасынын каскадерлору жараткан. "Бул такыр унутулгус болду. Ал жерлер биздин жүрөктө түбөлүккө калат! Ушунчалык көп тажрыйба топтодук, бизге окшоп ишине катуу берилген досторду таптык. Алар менен келечекте дагы кызматташабыз", — деп кошумчалаган Марианна. Якутиянын өзүндө фильмди Хангалас районундагы Булуус мөңгүсүндө жана Чочур Муран дөбөсүндө тартышкан. Атайын ар кыл көлөмдөгү якут элинин улуттук алачыктары тигилип, якуттардын XII кылымдагы жашоосун жакындатып бергенге аракет кылышкан. Картинанын премьерасы 2022-жылы болору айтылды.

2,827 57

Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок аны көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес. Адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып, диабеттен тарта онкологиялык ооруну чакырган азыктардын бири газдалган таттуу суусундуктар экенин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды. Адистин айтымына караганда, баарынан кооптуусу газдалган суусундук. "Диабетти жаратып, кишини семиртип, акырында онкологиялык ооруга алып барып такайт. Бул чындыгында ден соолукту талкалоочу жолдордун бири. Остеопороздон тарта онкология, жүрөк, кан тамыр ооруларын жаратат", — деп түшүндүргөн Мясников.Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок сууну көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес. Мясников чай менен кофенин пайдалуу жактарын да эске сала кеткен. Кофе жүрөк, кан тамыр илдеттеринин, боор оорунун алдын аларын айтса, көк чайдын онкологияга каршы күрөшүү артыкчылыгын белгилеген. Буга чейин россиялык онколог Елена Смирнова жоон ичеги рагына кабылуу тобокелчилигин арттырган суусундуктарды тизмектеп айтып берген.

* Copyright: Content creators are the default copyright owners. These Images are published on public domains and respective social media for public viewing.

PEOPLE ALSO VIEWED

150.7K
-
0.04 %
Kyrgyzstan Product Showcase, Product Education
115.1K
-
0.13 %
Kyrgyzstan Beauty and Self Care, Parenting, Moms, Modeling
74.3K
-
0.38 %
Kyrgyzstan Education, Upskilling
55.9K
-
0.00 %
Kyrgyzstan Fitness and Health, News, Marketing and Advertising
75.1K
-
0.12 %
Kyrgyzstan Family, Home and Garden, Gym, Modeling
137.2K
-
0.05 %
Kyrgyzstan Auto and Vehicles, Automotive
25.9K
-
0.07 %
Kyrgyzstan Beauty and Self Care, Home and Garden, Modeling
22.5K
-
1.20 %
Kyrgyzstan Romance and Wedding, Events, Portraits
39.6K
-
0.02 %
Kyrgyzstan Home and Garden, Product Showcase, Gym, Modeling
48K
-
0.15 %
Kyrgyzstan Fitness and Health, Home and Garden, Coaching, Training
82.2K
-
0.09 %
Kyrgyzstan Arts and Crafts, Topic Professional Services, Professional Services
19.2K
-
0.06 %
Kyrgyzstan Home and Garden, Arts and Crafts, Gym, Modeling
33.3K
-
0.07 %
Kyrgyzstan Beauty and Self Care
51.1K
-
0.04 %
Kyrgyzstan Product Showcase, Auto and Vehicles, Home and Garden
26.9K
-
0.26 %
Kyrgyzstan Travel, Outdoor Activity