📢 Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды, жаңылыктарды бейтарап чагылдырган маалымат булагы Биздин Youtube канал👇🏼
46.3% ng mga tagasunod ni @radio_maral ay babae at 53.7% ay lalaki. Ang average na engagement rate sa mga post ay mga 0.02%. Ang average na bilang ng mga likes sa bawat post ay 48 at ang average na bilang ng mga komento ay 4.
Gusto ni @radio_maral mag-post tungkol saEntertainment at Musika, Balita.
212,135
Mga Tagasunod
0.02%
Rate ng Engagement
52
Engagement sa bawat post
48
Average na mga pag-ibig bawat post
4
Average na mga komento bawat post
1,607,897
Pangkalahatang Rangkada
-
Rangkada ng Bansa
-
Rangkada ng Kategorya
Trends sa Paglaki ng mga Tagasunod at mga Post
Trends sa Paglaki ng Engagement Rate
Aduyensiya sa Kasarian
Dominanteng Grupo sa Edad
Mga Interest
Mga Nabanggit - mga account
Mga Nabanggit - mga hashtags
Rate ng Engagement
Mga Pag-ibig at Mga Komento
Mga Kakaibang Tagataguyod
Mga Paboritong Tatak ng mga Manonood
Mga Katulad na Account
267,811 followers
231,249 followers
187,256 followers
Mga Kamakailang Post
Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын мандатынан ажыраткан чечими боюнча комментарий берди. Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлдагы жыйынында «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановдун жана «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун каттоосун жокко чыгарды. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тапшырмасы менен билим берүү министрлигинде депутаттын дипломунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Фарходбек Алимжанов жогорку окуу жайды бүткөнү тууралуу дипломду мыйзамдуу алганын билдирип, БШКнын чечими негизсиз экенин айтууда. «Бул күтүлгөн чечим болчу. Менин дипломум боюнча коюлган айыптар негизсиз. Мен өзүмдүн позициямды коргойм» , — деди Алимжанов. Билим берүү министрлигинде түзүлгөн комиссиянын маалыматына караганда, жогорку билими тууралуу диплом Фарходбек Алимжановго ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилген, анткени ал 2012 жана 2015-жылдары өлкөдөн тышкары жүргөндүктөн экзамендерди кайра тапшыра алган эмес. Депутат Фарходбек Алимжанов жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар деген маалыматтарды бкга чейин да четке кагып, 2016-жылы ОшМУнун экономика факультетин бүтүрүп, бакалавр даражасын алганын айткан. 2018-жылы Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча бүтүрүп, магистр даражасына ээ болгон.
20
5
Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлдагы жыйынында «Альянс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Фарходбек Алимжановдун жана «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун каттоосун жокко чыгарды. Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тапшырмасы менен билим берүү министрлигинде депутаттын дипломунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын маалыматына караганда, жогорку билими тууралуу диплом Фарходбек Алимжановго ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилген, анткени ал 2012 жана 2015-жылдары өлкөдөн тышкары жүргөндүктөн экзамендерди кайра тапшыра алган эмес, муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматыны маалыматы да тастыктайт. Ал эми «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун диплому боюнча комиссия буларды аныктады: Фархат Исмаилов Кыргыз улуттук университетинин «бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигине кабыл алынган студенттердин катарына катталган эмес. Былтыр 8-апрелде Жогорку Кеңештеги «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжанов жасалма диплом алууга шектелип жатканы кабарланган. Борбордук шайлоо комиссиясына маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети берген. Депутат Фарходбек Алимжанов жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар деген маалыматтарды четке кагып, 2016-жылы ОшМУнун экономика факультетин бүтүрүп, бакалавр даражасын алганын айткан. Фархат Исмаилов да диплому жасалма эместигин билдирди. Ал Кыргыз улуттук университетинде, андан кийин өкмөткө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окуган.
57
18
«Альфа Телеком” ишканасы сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ага чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги «Альфа Телекомду» сатыкка чыгарган. Эми аукционго Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Мамлекеттик ишкананын акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сом деп белгиленген. «MЕГА» мобилдик байланыш компаниясын сатыка коюу жана Өнүктүрүү банкына өткөрүү коомчулукта кайрадан кызуу талкууга алынды. Башкарууну алмаштыруу менен эмне өзгөрөт? Алдыда кененирээк токтолобуз. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдиргендей, 4-июлда «Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясынын 100 пайыз толук пакети аукционго коюлду. Мамлекеттик ишкананын акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сомго бааланып, аукцион 2-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн арыздар 2-октябрь саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Маалыматта айтылгандай, компаниянын 8,7 миллион даана акциясы мамлекетке таандык. Ал 2G, 3G жана 4G стандарттарында уюлдук мобилдик радиотелефон байланышын жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтөт, ошондой эле телекоммуникациялык тармактарды, системаларды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана фискалдык маалыматтар оператору боюнча кызматтарды көрсөтөт. Уландысы каруселде
19
4
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июлда бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугуп, мамлекет ишкерлерди керектүү учурда ар тараптан колдоп берүүгө даяр экенине ишендирди. Ал ишкерлер менен өлкөдөгү көйгөйлөрдү талкуулоону максат кылганын айтты. Бизнес коомчулуктун өкүлдөрү агроөнөр жай комплексин, электрондук коммерцияны, санариптик кызматты, энергиянын кошумча булактарын жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча ишкерлик кылгандардын мамлекеттик органдар менен байланышын жакшыртууга багытталган сунуштарды айтышты. Мындан тышкары, эмгек рыногунда компетенттүү адистердин жетишсиздиги жана негизинен кадр маселеси тууралуу сөз болгон. «Мамлекет бутуна турду, өлкөнүн экономикасы өнүгүүгө ишенимдүү багыт алды, биз бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын камсыз кылууга багытталган бизнес долбоорлоруңуздарды колдоого даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.
73
9
«МЕГАны» Өнүктүрүү банкына гана сатылат деп айта албайм. Башка сатып алуучуларга дагы мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу Мүлк фондунун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын башчысы Замир Бугубаев «Маралга» билдирди. Анын айтымында, сатуу процесси ачык-айкын өтүп, шарттарды толук аткарган жана эң жогорку бааны сунуштаган жеке же юридикалык жак сатып ала алат. «Эгерде жеке же юридикалык жактар «Мега» компаниясын сатып алууга кызыкдар болсо, Өнүгүү банкына караганда жогорку бааны сунуштай турган болсо, аларда сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Өкмөттө бул ишкананы Өнүктүрүү банкына берүү саясаты бар болчу. Бирок мыйзамдарга ылайык, биз ал банкка бекуер берип кое албайбыз. Анткени алар менчиктин формасы боюнча жеке жак болуп саналат. Ошол эле учурда Өнүктүрүү банкынын уставдык капиталына дагы берип коюу мүмкүн эмес экен. Анткени Өнүктүрүү банкын түзүп жатканда мыйзамдарга ылайык, аларга акчак каражат түрүндө гана салым катары кошконго мүмкүн. Мүлк түрүндө бергенге болбойт. Ошол себептен алар дагы аукционго катышып, сатып алганга мүмүнчүлүгү бар», — деди ал. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдиргендей, 4-июлда «Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясынын 100 пайыз толук пакети аукционго коюлду. Мамлекеттик ишкананын акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сомго бааланып, аукцион 2-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн арыздар 2-октябрь саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бул билдирүүсүнөн кийин көп өтпөй президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев комментарий берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына ишкана сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын жазды. «Мамлекеттин «Альфа Телекомго» байланыштуу пландары өзгөргөн жок. Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө».
15
1
Тажикстан менен чектешкен Ош облусунун Чоң-Алай районунун бардык айылдары өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын тизмесине кирди. Бул тууралуу райондун акими Темирболот Абыкеев кабарлады. Анын айтуусунда, акыркы жылдары Тажикстан менен чек ара көйгөйлөрүнөн улам район эли чек ара макамын алууну өтүнүп келген. Президент Садыр Жапаровдун Чоң-Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында да бул маселе боюнча кайрылышкан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан 2023-жылдын 23-июнунда кабыл алынган айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө токтомдун негизинде, Чоң-Алай районунун бардык айылы өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмесине киргизилди. Айылга өзгөчө макамдын берилиши — мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шарттарын жакшыртуу, чек ара аймактарындагы калктын арасында ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт. 2022-жылдын башында Баткен облусундагы Тажикстан менен чектеш аймактарда жайгашкан 62 айылга өзгөчө макам ыйгарылган. Өзгөчө макамга ээ айылдарга мамлекеттен субсидиялар жана дотациялар берилген, айрым төлөмдөрдөн бошотулган. Бул үчүн бюджеттен 250 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. 2022-жылы сентябрда болгон кыргыз-тажик куралдуу кагылышында Чоң-Алай районунун Карамык, Тешик-Таш жана Кароол-Дөбө айылдарына да тажик тараптан аткылоо болгон.
156
3
Президент Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Маалыматка караганда, Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун Эрдэнэ, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашат. Улан-Батор шаарына болгон сапардын алкагында Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи да болот. Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Монголиянын достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү жөнүндө Биргелешкен декларациясына, ошондой эле экономика, санариптештирүү, айыл чарба, курчап турган чөйрөнү коргоо, токой экосистемаларын өнүктүрүү ж. б. чөйрөлөрүндө кызматташуу жөнүндө бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык байланыштарды бекемдөө максатында Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын, Чүй облусунун жана Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда боордош байланыштарды түзүү боюнча макулдашууларга кол коюшат.
35
0
Сауд Арабиянын Flynas авиакомпаниясы 2023-жылдын август айында Жидда-Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. Ош шаарынан Сауд Арабиянын Жидда шаарына туруктуу аба каттамы биринчи жолу ишке ашырылат. Жаңы багыт боюнча биринчи учуунун болжолдуу убактысы 21-август күнгө белгиленген. Жиддага каттамдарды Airbus A320neo учактары менен жумасына 3 жолу аткаруу пландалууда. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызcтандын Сауд Арабиядагы элчилиги тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Flynas авиакомпаниясынын жетекчилиги Сауд Арабиясы менен Кыргызстандын ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарды аткаруу боюнча чечим кабыл алынды. Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча алгачкы үзгүлтүксүз каттамдарын 2023-жылдын 21-августунан жана Жидда-Бишкек-Жидда багыты боюнча 2-сентябрынан тарта аткара баштайт. Падыша Абдулазиз атындагы эл аралык аэропортунан каттамдар “Ош” эл аралык аэропортуна жумасына үч жолу (дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү) жана “Манас” эл аралык аэропортуна дагы үч жолу (шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү) аткарылат. Flynas авиакомпаниясы Сауд Аравия Падышалыгында жана Жакынкы Чыгышта 70тен ашык багыттарга (ички жана эл аралык) жумасына 1500 рейси менен алдыңкы арзан баадагы авиакомпания болуп саналат. 2007-жылы ишке киргизилгенден бери Flynas өзүнүн каттамдарында 60 миллиондон ашык жүргүнчүнү ташыды жана алтынчы жыл катары менен дүйнөнүн эң мыкты арзан авиакомпаниясында төртүнчү жана Жакынкы Чыгышта биринчи орунду ээледи. Flynas 8 жыл катары менен World Travel Awards сыйлыгы жана Skytrax тарабынан үч жыл катары менен Жакынкы Чыгыштын алдыңкы арзан баадагы авиакомпаниясы деп аталды, ошондой эле APEX рейтингинде эң жогорку категориясына ээ болгон.
106
0
Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 6-июлга караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31, Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33, Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27, Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26, Бишкек шаарында өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +28…+30 градус болот.
61
1
* Karapatang-Sipi: Ang mga gumagawa ng nilikha ng nilalaman ang mga default na may-ari ng karapatang-sipi. Ang mga impormasyong ito kabilang ang mga imahe, teksto, bidyo, post at profile ay inilathala sa mga pampublikong domain at mga kaugnay na social media para sa pampublikong panonood.
Mga FAQ: Estadistika at mga Insight ng Instagram para kay @radio_maral
Paano ako makakakuha ng estadistika at mga analytics ng Instagram para kay @radio_maral?
Ang StarNgage ay nag-aalok ng kumpletong mga analytical report na nagbibigay ng mga pangunahing metriko at mga insight upang bigyan ka ng ganap na pang-unawa sa @radio_maral. Maaari mong tuklasin ang iba't ibang aspeto, kasama na ang mga estadistika ng tagasunod ng Instagram, tulad ng paglaki ng tagasunod at post, Engagement Rate, at ang mga trend ng paglaki nito. Bukod dito, maaari kang mag-access ng impormasyon tungkol sa average na bilang ng mga likes at komento sa bawat post, mga insight sa mga pangdemograpiya ng iyong mga tagasunod o audience, data sa brand affinity, mga pagbanggit ng mga nauugnay na hashtag, mga katulad na account, at ang pinakabagong mga post.
Ano ang kasalukuyang bilang ng mga tagasunod ni @radio_maral sa Instagram?
Sa pinakabagong update, nagkaroon si @radio_maral ng dedicated na bilang na 212,135 na tagasunod sa Instagram.
Ano ang mga insight at analytics na kasama sa kumpletong ulat para kay @radio_maral sa Instagram?
Ang aming kumpletong analytical report ng Instagram ay nagbibigay ng kumprehensibong pang-eksena kay @radio_maral sa Instagram. Kasama sa ulat na ito ang mga detalyadong impormasyon tungkol sa paglaki ng tagasunod sa buong panahon, mga metriko ng engagement, at frequency ng mga post, pareho sa lingguhan at buwanang batayan. Upang makakuha ng malalim na ulat na ito, pakisumite at lumikha ng bagong StarNgage account o mag-login sa iyong umiiral na account.
Maaari ko bang subaybayan kung paano nag-ebolb ng Engagement Rate ni @radio_maral sa Instagram?
Oo, pinapayagan ka ng mga tool sa analytics ng StarNgage na subaybayan ang pag-unlad ng Engagement Rate ni @radio_maral sa Instagram sa paglipas ng panahon. Ang datos na ito ay tumutulong sa iyo na sukatin ang kahusayan ng mga estratehiya ng pakikisangkot ni @radio_maral.
Paano makakatulong ang pagkaunawa sa demograpiya ng audience ni @radio_maral sa Instagram?
Ang paghahayag ng mga demograpiya ng audience ni @radio_maral sa Instagram ay napakahalaga. Ito ay nagbibigay sa iyo ng kakayahan na baguhin ang iyong influencer content at mga estratehiya sa marketing upang mas magpatibay sa mga tagasunod ni @radio_maral, sapagkat mayroon ka ng impormasyon tungkol sa kanilang edad, kasarian, lokasyon, at mga interes.
Paano ko magagamit ang impormasyon tungkol sa brand affinity upang mapahusay ang aking estratehiya sa marketing sa Instagram gamit si @radio_maral?
Ang impormasyon tungkol sa brand affinity ay isang makapangyarihang kasangkapan upang maintindihan kung aling mga brand o produkto ang pinakainterisado ang iyong audience. Ang impormasyong ito ay nakatutulong sa iyong mga kasunduan sa content at mga partnership sa Instagram, nagpapalakas sa iyong pakikisangkot sa iyong target audience.