Жаңылыктар / Медиа
-% of @kabarchy_kyrgyzstan's followers are female and -% are male. Average engagement rate on the posts is around 0.2%. The average number of likes per post is 771 and the average number of comments is 48.
@kabarchy_kyrgyzstan loves posting about
291,958
Followers
0.2%
Engagement Rate
819
Engagement per post
771
Average likes per post
48
Average comments per post
108,980
Global Rank
-
Country Rank
-
Category Rank
Follower and Post Growth Trends
Engagement Rate Growth Trends
Audience Gender
Dominating Age Group
Interests
Engagement Rate
Likes and Comments
Notable Influencers
Audience Brand Affinity
Recent Posts
➡️Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө жасаган иш сапарынын алкагында бүгүн Түп районундагы 200 кишини иш менен камсыздаган тигүү фабрикасына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ишкана "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү" фондунун кошумча каржылоосунун эсебинен ишке кирди. Түп айылындагы ишкана "Салкын" ЖЧКсы — Кыргызстандагы пахта продукциясын өндүргөн эң ири фабриканын филиалы болуп саналат. Ал токулган кездеме, байпак жана башка продукцияларды чыгарат. "Жергиликтүү тургундар жана фабриканын кызматкерлери менен баарлашуу учурунда президент "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү" фондунун каражаты буга чейин ар кыл коррупциялык аракеттерден улам максатсыз пайдаланылганын, натыйжада көптөгөн жакшы регионалдык долбоорлор ишке ашпай калганын белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө. Жапаров Түп айылында бүгүн ачылган 200 орундуу фабриканын мисалында эми фонддун бардык акчасы аймактагы ишкерлердин демилгелерин колдоого ачык-айкын бөлүштүрүлөрүн айтты. Жергиликтүү тургундар өлкө башчысы менен баарлашууда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, жер тилкелерин трансформациялоо, ошондой эле социалдык-билим берүү объектилери — мектеп жана бала бакчаларды куруу маселелерин көтөрүштү. Өлкө башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өзгөчө акимдердин ролун күчөтүү, жөлөк пул жана бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу пландары жөнүндө айтып берди. sputnik.kg #Жаңылыктар #Новостикыргызстан #Кыргызстан #Kyrgyzstan #кыргыз #kyrgyz #Ош #Бишкек #Чуй #Баткен #Ысыккол #Жалалабад #Нарын #Талас #кабарчы
1,154
36
➡️Чүй облусунун Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Роза Мукаева коронавируска каршы эмделген соң каза болду деген адам боюнча маалымат берди. Буга чейин социалдык тармакта Кантта вакцина алган соң эркек киши көз жумду деген маалымат тараган. Мукаеванын айтымында, Кыргызстандын 53 жаштагы жараны Россиянын "Кант" авиабазасында багбан болуп иштеген. "Ал Спутник V вакцинасын 18-июлда алып, 23-июлда өз үйүнөн көз жумган. Кечинде ал душка кирип, жыгылып калган", — деди ал. Мукаева сөөктү ачкандан кийин төмөнкүдөй диагноз коюлганын атап берди: Курч жүрөк кемтиги; Ишемиялык инсульт алган; Постинфаркттык кардиосклероз; Кант диабети боюнча каттоодо турат жана үчүнчү стадиядагы гипертоникалык оору. Дарыгердин айтымында, көз жумган адамдын абалы вакцинадан кийин оорлошуп кеткен эмес. Бул окуя боюнча Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага радиодо түз эфир учурунда суроо берилген. Ал каза болгон адам эс алуудагы полковник экенин айтып, маалыматты текшере турганын билдирген. sputnik.kg #Жаңылыктар #Новостикыргызстан #Кыргызстан #Kyrgyzstan #кыргыз #kyrgyz #Ош #Бишкек #Чуй #Баткен #Ысыккол #Жалалабад #Нарын #Талас #кабарчы
995
183
➡️Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөт билдирди. Тараптар Ысык-Көлдө өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында кезиккен. Жолугушуунун жүрүшүндө Марипов Кыргызстан эки өлкө ортосундагы жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдирген. Ошондой эле ал экономикалык активдүүлүктүн бара-бара калыбына келип жаткандыгын жана соода жүгүртүүдөгү оңдуу көрсөткүчтөрдү белгилеген. Атап айтканда, ушул жылдын январь-май айларында өз ара товар жүгүртүү 495,6 миллион долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,4 пайызга көп. Мындан тышкары, Марипов эки өлкө аймагы боюнча жарандардын жана транспорттук каражаттардын, анын ичинде транзиттик жүк ташуулардын эркин жүрүүсү үчүн чараларды кабыл алуу керектигин айткан. "Кыргызстан өнөктөштөр менен тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жакшыртуу жана жеңилдетүү боюнча ачык талкуу өткөрүүгө даяр экендигине ишендирип кетким келет. Биз үчүн, өзгөчө пандемия маалында жүк ташуучуларга шарттарды түзүү иретинде мындан ары чек араларыбыздагы туруктуу абалдын сакталышы маанилүү", — деди Марипов. Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин казак тарап дагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар экенине ишендирди. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын 2-апрелинде тараптар кол койгон кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 9-отурумунун протоколуна жүк ташуу процессин жеңилдетүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлду. Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айында күздүк себүү үчүн казак тараптан 1 миң тонна үрөн бөлүү макулдашылды. Мындан тышкары, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жана Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү концепциясына кол коюшкан. sputnik.kg #Жаңылыктар #Новостикыргызстан #Кыргызстан #Kyrgyzstan #кыргыз #kyrgyz #Ош #Бишкек #Чуй #Баткен #Ысыккол #Жалалабад #Нарын #Талас #кабарчы
532
8
➡️Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов жана Хайитхон Хусан кызы XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Токиого сапар алышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.  Спортчуларды машыктыруучулар Алмазбек Абиров жана Канатбек Имиянов, ошондой эле ковид офицер Кундуз Абирова коштоп кетти. Ал эми Жаштар иши, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Асеин Төрөгелдиев аларды узатты. Белгилей кетсек, XVI Паралимпиада оюндары Япониянын Токио шаарында өтөт. Ага ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы катышат. Мелдештер 2021-жылдын 24-августунда башталып, 5-сентябрында жыйынтыкталат. sputnik.kg #Жаңылыктар #Новостикыргызстан #Кыргызстан #Kyrgyzstan #кыргыз #kyrgyz #Ош #Бишкек #Чуй #Баткен #Ысыккол #Жалалабад #Нарын #Талас #кабарчы
540
14
➡️АКШ Афганистандагы 20 жылдык операцияга күн сайын 300 миллион доллар сарптап турган. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдиргенин РИА Новости жазды. Ал мындай билдирүүнү ЕБдин региондогу кырдаал боюнча комитетинин жыйынында жасаган. Муну менен Америка Афганистандагы контингентин камсыздоого короткон каражатынын суммасы эки триллион доллардан ашты. Боррель ошого карабай ич жылытаарлык жыйынтык болбоду деген пикирин айткан. "Бийлик алмашуу афган эли үчүн да, башка мамлекеттер үчүн да чыныгы катастрофа болуп калды. Мындай жагдай баарына, анын ичинде "Талибандын" өзүнө да күтүүсүз болду", — деп айткан Боррель. Афганистандагы кырдаал Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди. Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды. "Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат. sputnik.kg #Жаңылыктар #Новостикыргызстан #Кыргызстан #Kyrgyzstan #кыргыз #kyrgyz #Ош #Бишкек #Чуй #Баткен #Ысыккол #Жалалабад #Нарын #Талас #кабарчы
850
31
➡️Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников коронавирустан айыккандан кийинки синдром кайсы учурда өпкө рагына алып келиши ыктымал экенин айтты. Медиктин пикири РИА Новостиге жарыяланды. Мясниковдун айтымында, коронавирус ар кимде ар кандай формада өтөт. Анализинин жыйынтыгы оң чыккандардын 25-30 пайызында эч кандай белгиси байкалбайт. Бирок дарттын оор формасына чалдыккандарда фиброз катталып жатканы айтылды. Фиброз — бул өпкөдө тактын пайда болушу. Коронавирустан кийин өпкөсүндө фиброз пайда болгондордун өпкө рагына кабылуу коркунучу 8-14 эсеге көбөйөт. "Мындай учурда чылым чеккенди таптакыр таштап, арыктабай, витаминдерди этияттап ичиш керек. Баса, өпкөдө фиброздун пайда болушу оор пневмониядан эле кабар бербейт. Өпкө катуу сезгенген учурда да так калат. Маселен, пневмококк, кургак учукта да ушундай болушу мүмкүн", — деди медик. Пневмониянын оор түрүнө адатта жашы өтүп калган, өнөкөт оорусу бар улгайган адамдар кабылары кошумчаланды. sputnik.kg #Жаңылыктар #Новостикыргызстан #Кыргызстан #Kyrgyzstan #кыргыз #kyrgyz #Ош #Бишкек #Чуй #Баткен #Ысыккол #Жалалабад #Нарын #Талас #кабарчы
936
39
➡️Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургундардын 2 миллион сомдон ашык акчага бааланган абрикосун алып, акчасын бергиси келбей өлкө аймагынан чыгып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, милицияга Барскоон айылынын тургуну арыз жазып, августтун башында Али аттуу киши 29 миӊ сомго бааланган 575 килограмм абрикосту алып, акчасын бир жуманын ичинде төлөйм деп таптырбай кеткенин айткан. Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүүнү алгач аэропорттун кызматкерлери кармап, Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп берген. "Анын алкагында шектүү Россиянын М.М. аттуу 40 жаштагы жараны экени аныкталган. Ыкчам маалымат боюнча жакын арада өлкө аймагынан чыгып кетүүгө даярданып жатканы белгилүү болгондуктан "Манас" эл аралык аэропортуна жана Чек ара кызматына аны чыгарбоо боюнча билдирүү жиберилген. Шектүү республиканын аймагынан учканы жатканда аэропорттун кызматкерлери тарабынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп берилген", — деп айтылат маалыматта. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн алдамчылыктын дагы 60 учуруна тийиштиги бар экендиги аныкталып, райондун тургундарына 2 миллион 300 миӊ сом зыян келтиргени белгилүү болгон. Чет элдик жаран Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланып, ошондой эле дагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда. sputnik.kg #Жаңылыктар #Новостикыргызстан #Кыргызстан #Kyrgyzstan #кыргыз #kyrgyz #Ош #Бишкек #Чуй #Баткен #Ысыккол #Жалалабад #Нарын #Талас #кабарчы
450
11
➡️Бүгүн, 18-августта Бишкектеги Ооганстандын жарандары Бишкектеги Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдына чогулуп митинг уюштурушту. Анда 20 жылдай убакыт Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашаган оогандыктар Кыргыз өлкөнсүндөгү качкындардын расмий статусуна ээ болууну же болбосо, Канада же АКШга жөнөтүүнү талап кылышты. Митингге келгендердин биринин айтымында, Кыргыз өлкөсүндө оогандык качкындарды 20 жылдан ашык убакыттан бери кабыл албай келишет. "Биз 20 жыл мурун келгенибизге карабастан качкындар статусуна ээ боло элекпиз. Эч кандай документтерибиз жок. Балдарыбыз бул жерден төрөлүп, чоңоюп калышты", - деди акциянын катышуучуларынын бири. Акциянын катышуучулары эл аралык уюмдун көңүлүн бурдуруу үчүн Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдында чыгышты. super.kg #Жаңылыктар #Новостикыргызстан #Кыргызстан #Kyrgyzstan #кыргыз #kyrgyz #Ош #Бишкек #Чуй #Баткен #Ысыккол #Жалалабад #Нарын #Талас #кабарчы
858
238
➡️Буга чейин Орусиянын Мытищи шаарында 19 жаштагы кыргыз кызын өлтүрүүгө шектелген адам кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланган. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги бул окуяга байланыштуу билдирүү таратты. "Аталган факт боюнча Орусиянын тергөө комитетинин Москва облусу боюнча башкы тергөө башкармалыгынын тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголду (Орусиянын Кылмыш кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү). Маркумдун апасы жабырлануучу катары таанылган. Ал эми ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 46 жаштагы Украинанын жаранынын кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, Москва шаарындагы тергөө изоляторуна камалды. Сурак учурунда шектүү күнөөсүн моюнга алган. Соттук, молекулярдык-генетикалык, психологиялык жана психиатриялык 11 экспертиза дайындалды", - дешти мекемеден. Кылмышты иликтөөнүн жүрүшү элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Ошондой эле элчиликтин консулдук бөлүмү Орусиянын тергөө комитетинин башкы тергөө башкармалыгына кайрылуу жөнөттү. Жабырлануучунун туугандары юридикалык кеңештерди алышты. Жабыркаган тараптын укугун коргоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалашты элчиликтен. super.kg #Жаңылыктар #Новостикыргызстан #Кыргызстан #Kyrgyzstan #кыргыз #kyrgyz #Ош #Бишкек #Чуй #Баткен #Ысыккол #Жалалабад #Нарын #Талас #кабарчы
478
41
➡️Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев "Коопсуз шаар" долбоору боюнча азайтылган айып пулду кайсы жол эрежесин бузгандар канча күндүн ичинде төлөп бүтүшү керектигин түшүндүрдү. Эске салсак, президент Садыр Жапаров жол эрежесин бузуу үчүн каралган айрым айып пулду азайтуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, биринчи категорияда каралган 1 000 сом айып пул 70 пайызга азайган. "Мыйзам күчүнө киргенден кийин айып кагаз чыгып келген күндөн тартып 30 күндүн ичинде 1 000 сомдук айыптарды 300 сом менен төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эгер 30 күндөн ашып кетсе, анда сумманы 1 000 сом кылып толук төлөйт. Мындай жеңилдетүү Бузуулар жөнүндө кодекстин 123-беренесинин 1-бөлүгү жана 123-1-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жол эрежесин бузгандарга гана тиешелүү", — деди Исаев. 123-берененин 1-бөлүгү менен 123-1-берененин 1-бөлүгү боюнча эреже бузуулар: мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу; аныкталган ылдамдык чегин саатына 10 чакырымдан өйдө чыгарып, бирок 20 чакырымдан ашырбай айдаса; жол белгилеринин талаптарын бузса, жол чийиндеринин эрежелерин бузса (экинчи автоунааны ашып өтүү тартибин бузуудан же маневр жасап каршы тилкеге чыга калуудан сырткары); аялдамада токтоо же токтоп туруу эрежесин бузса; коопсуз аралыкты, интервалды сактабаса же транспорт каражатын жолдо жайгаштыруу, автомагистралда жүрүү эрежесин бузса; аялдама же стоп-линияны, жол эрежелери менен эскертилген чийиндерди бузса же светофордун күйгөнүнө, жол кыймылын жөндөгөн автоинспектордун ишаратына карабай жол чийининен өтүп кетсе; каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузса; жарык берүүчү тышкы каражаттарды пайдалануу же белги берүүчү эрежелерди бузса (бардык механикалык автоунаалардын күндүз, эл жашаган жерден сырткаркы аймактарда жарыкты жакынкы жерге бериш үчүн фараларды күйгүзүп жүрүүгө коюлган талаптардан сырткары). Жаңы мыйзамдын жардамы менен буга чейинки айып пулун төлөй албай жүргөндөр да аз акча менен кутулса болору кошумчаланды. "Жеңилдетүү жогорудагы эки берене боюнча 2019-жылдын 4-мартынан бери жол эрежесин бузуп, бирок бүгүнкү күнгө чейин айып пулун төлөөгө ⬇️
898
38
➡️Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусундагы жол кырсыгынан каза болгон жети адамдын баары Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынан болушкан. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов билдирди. Эске салсак, 17-август күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Тоң районундагы бөлүгүндө (Кубакы ашуусу) жүргүнчү ташуучу Sprinter менен MAN үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, MAN үлгүсүндөгү унаа ылдый түшүп келе жатканда тормозу кармабай калган. Мындан улам жолдун каршы тилкесине чыгып, жүргүнчү ташыган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү бус менен кагышкан. Эки автоунаа тең аласалып кеткени айтылды. Кырсыктан жети адам көз жумган, анын бешөө ошол жерден мүрт кетсе, экөө ооруканадан үзүлгөн. Жол кырсыктан көз жумгандар: 74 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну; 54 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну; 45 жаштагы эркек киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну; 27 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну; 60 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну; 62 жаштагы аял киши, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну; 4 жаштагы бөбөк, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну. Азыркы тапта 16 адам Кочкор райондук жана Балыкчы шаарындагы ооруканаларда экени маалым болду. Алардын ичинде эки унаанын айдоочулары да бар. Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери уланып жатканы кошумчаланды. sputnik.kg #Жаңылыктар #Новостикыргызстан #Кыргызстан #Kyrgyzstan #кыргыз #kyrgyz #Ош #Бишкек #Чуй #Баткен #Ысыккол #Жалалабад #Нарын #Талас #кабарчы
906
74
* Copyright: Content creators are the default copyright owners. These information including images, texts, videos, posts and profiles are published on public domains and respective social media for public viewing.
FAQ: Instagram Statistics and Insights for @kabarchy_kyrgyzstan
How can I access Instagram statistics and analytics for @kabarchy_kyrgyzstan?
StarNgage offers comprehensive analytical reports that provide key metrics and insights to give you a complete understanding of @kabarchy_kyrgyzstan. You can explore various aspects, including Instagram follower statistics, such as follower and post growth trends, Engagement Rate, and its growth trends. Additionally, you can access information on the average number of likes and comments per post, insights into your followers or audience demographics, brand affinity data, mentions of relevant hashtags, similar accounts, and the most recent posts.
What is the current follower count for @kabarchy_kyrgyzstan on Instagram?
As of the latest update, @kabarchy_kyrgyzstan has accumulated a dedicated following of 291,958 followers on Instagram.
What insights and analytics are included in the full report for @kabarchy_kyrgyzstan on Instagram?
Our full Instagram analytical report provides a comprehensive overview of @kabarchy_kyrgyzstan on Instagram. This report includes detailed information on follower growth over time, engagement metrics, and post frequency, both on a weekly and monthly basis. To access this in-depth report, kindly register and create a new StarNgage account or log in to your existing account.
Can I track how @kabarchy_kyrgyzstan Engagement Rate has evolved on Instagram?
Yes, StarNgage's analytics tools allow you to monitor the evolution of @kabarchy_kyrgyzstan Engagement Rate over time on Instagram. This data helps you assess the effectiveness of @kabarchy_kyrgyzstan engagement strategies.
How can understanding @kabarchy_kyrgyzstan audience's demographics on Instagram?
Gaining insights into @kabarchy_kyrgyzstan audience's demographics on Instagram can be immensely valuable. It enables you to tailor your influencer content and marketing strategies to better resonate with @kabarchy_kyrgyzstan followers, as you'll have information about their age, gender, location, and interests.
How can I leverage brand affinity data to improve my marketing strategy on Instagram with @kabarchy_kyrgyzstan?
Brand affinity data is a powerful tool to understand which brands or products your audience is most interested in. This information can guide your content collaborations and partnerships on Instagram, enhancing your engagement with your target audience.