SUPERTV | ИНТЕРВЬЮ | ЖАНЫЛЫК
💥Exclusive interviews, 🎤Reports, ⚡Lives SUPERTV ⤵️ 🔵 PR : 📱 0222882929
54.1% of @supertv.kg's followers are female and 45.9% are male. Average engagement rate on the posts is around 0.08%. The average number of likes per post is 893 and the average number of comments is 86.
@supertv.kg loves posting aboutNews.
1,190,480
Followers
0.08%
Engagement Rate
979
Engagement per post
893
Average likes per post
86
Average comments per post
285,911
Global Rank
493
Country Rank
-
Category Rank
Follower and Post Growth Trends
Engagement Rate Growth Trends
Audience Gender
Dominating Age Group
Interests
Engagement Rate
Likes and Comments
Notable Influencers
Audience Brand Affinity
Recent Posts
Бүгүн, 6-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Япония парламентиндеги «Япония-Кыргызстан» достук лигасынын жетекчисинин орун басары Тосиаки Эндо баштаган делегация менен жолугушту. Андасаясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселеси талкууланып, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Шакиев өткөн жылы Япония менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгонун эске салып: “Бул жылдар аралыгында өз ара ишенимге негизделген тыгыз кызматташтык калыптанды. Айрыкча саламаттыкты сактоо, инвестиция тартуу, санариптештирүү жаатында байланыштар бекемделип, бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондой эле билим берүү тармагындагы алакалар жигердүү уланып, кыргызстандык улан-кыздардын Япониянын университеттеринде билим алуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлдү”, – деди. Төрага эки өлкө ортосундагы байланыштарды кеңейтүүдө парламенттердин да ролу чоң экенин белгилеп, акыркы жылдары эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп жатканын кошумчалады. Анын ичинен депутаттык достук топторунун ортосунда конструктивдүү диалог калыптанганын белгиледи. “Бүгүнкү иш сапар дагы мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүнө көмөкчү болот деген ишеничтемин. Кыргызстан өнүккөн Япония менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууга кызыкдар. Бизде тоо-кен, энергетика жаатында мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Өзгөчө төрт мезгилди камтыган экотуризмдин потенциалык кең. Андыктан япон инвесторлорун биргелешип иштөөгө чакырабыз”, – деди Нурланбек Шакиев. Өз кезегинде Япония парламентиндеги «Япония-Кыргызстан» достук лигасынын жетекчисинин орун басары Тосиаки Эндо жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. “Мен жетектеп келген делегациянын курамында депутаттардан тышкары, эл аралык каржылык уюмдардын, өндүрүштүк компаниялардын өкүлдөрү жана ишкерлер бар. Анткени Япония Кыргызстан менен саясий-экономикалык байланыштарды кеңейтип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар”, – деди Тосиаки Эндо.
69
4
УКМК депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары боюнча маалымат таратты. УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлган. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (массалык баш аламандыкка чакыруу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда УКМК тарабынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынган. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97 беренесинин негизинде УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М.дин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенжерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыгыз байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан», — дешти. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар
330
67
Орусияда «Миссис Сибирь — 2016» сулуулар сынагынын финалисти Виктория Головко кыргызстандык таксистти зордуктоого аракет кылган деп айыптады. «Аргументы и факты» басылмасынын 5-июлдагы маалыматына караганда, окуя Новосибирск шаарында болгон. 10-июнга караган түнү жолдошу экөө туулган күнүн ресторанда белгилешкен. Таңкы саат бештер чамасында күйөөсү ага такси чакырып, өзү жумушуна кеткен. Аялдын айтымында, таксист ачкычтарды издей баштаганда ага кол салган. Анын айтымында, кыргызстандык анын көйнөгүн айрып, ич кийимин чечүүгө аракет кылган. Аял каршылык көрсөтө баштаганда, жаран оозуна соккон. Головко белгилегендей, эгерде жакындап келе жаткан унаа болбосо, аны зордуктап салмак. Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан 18-июнь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) боюнча шектүү делип кыргызстандык кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. Унаада уктап калган аялды ойготууга аракет кылганын айткан. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар
531
64
Стамбулда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыз кечээ, 5-июлда аман-эсен табылган. 24-июнда Кыргыз жаранынан кызы акыркы эки күндөн бери байланышка чыкпагандыгы туурасында маалымат түшкөн. Анын айтымында, кызы Стамбул шаарынан Болгариянын Варна шаарына автобус менен бара тургандыгы белгиленген. Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматына мекендишибиздин Түркияга кирүү убактысын тактоо боюнча кайрылышкан. Кыргыз жараны эч тоскоолдуксуз Стамбул аймагына кирген деген маалымат алынган. 20 жаштагы кыргызстандык Жазгүл Шамуратованы кабыл алган Кадыкөй шаарынан Севинч Куртулуш аттуу ишкер айым маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайын айтып берген. Анын маалыматы Haberton басылмасына жарыяланды. Маалым болгондой, Жазгүл 24-25-июнь күндөрү Кадыкөйдө болгон жана жергиликтүү тургундар кызды аймактык полция бөлүмүнө алып барышканы айтылган. Анын Хасанпаша полиция бөлүмүнө кирип-чыгып кеткен учурлары видеобайкоо камераларына жазылып калган. Севинч Куртулуш кыргызстандык менен болгон сүйлөшүүнүн чоо-жайын айтып берди. «Мен аны Кадыкөйдө жолуктурдум. Мен бир кафеге келдим, ал жерде досум Хакан Бей ошол жерде болчу, ал мага орусча билгеним үчүн чалып чакырган экен. Мен аны менен сүйлөштүм, ал Болгариянын Варна шаарына барышы керектигин айтты. Стамбулда адашып калганын үч күн мурун аэропорттон чыгып, андан бери ачка экенин, ушул кафеде ага тамак бергенин, ошондой эле аэропортто чемоданын жоготуп алганын, ал жерде бирөө менен урушуп кеткенин айтты жана ал автобуска түшүп, адашып кеткен»,- деди ишкер айым. Жазгүлдүн айтымында, ал Варнага программа боюнча бир нече ай мейманканада иштөө үчүн бара жаткан. «Биз анын апасы менен байланышууга аракет кылдык, бирок майнап чыкпады. Ал аэропортто таштап кеткен же жоготкон чемоданын айта берди. Ал менден Варнага билет сатып берүүнү суранды, мен макул болдум, бирок ал паспортун жакын жердеги мейманканага таштап кеткенин айтты, бирок ал полицияга баргысы келген жок. Мен анын чемоданы полцияга кайрылганда гана табыларын айтып, аны көндүрдүм. Мен аны үйүмө чакырдым. Үйдө жарым саат эс алып, эжем менен сейилдөөгө кетти. Кийин уулум аны Хасанпаша полиция бөлүмүнө алып барган.
2,922
281
* Copyright: Content creators are the default copyright owners. These information including images, texts, videos, posts and profiles are published on public domains and respective social media for public viewing.
FAQ: Instagram Statistics and Insights for @supertv.kg
How can I access Instagram statistics and analytics for @supertv.kg?
StarNgage offers comprehensive analytical reports that provide key metrics and insights to give you a complete understanding of @supertv.kg. You can explore various aspects, including Instagram follower statistics, such as follower and post growth trends, Engagement Rate, and its growth trends. Additionally, you can access information on the average number of likes and comments per post, insights into your followers or audience demographics, brand affinity data, mentions of relevant hashtags, similar accounts, and the most recent posts.
What is the current follower count for @supertv.kg on Instagram?
As of the latest update, @supertv.kg has accumulated a dedicated following of 1,190,480 followers on Instagram.
What insights and analytics are included in the full report for @supertv.kg on Instagram?
Our full Instagram analytical report provides a comprehensive overview of @supertv.kg on Instagram. This report includes detailed information on follower growth over time, engagement metrics, and post frequency, both on a weekly and monthly basis. To access this in-depth report, kindly register and create a new StarNgage account or log in to your existing account.
Can I track how @supertv.kg Engagement Rate has evolved on Instagram?
Yes, StarNgage's analytics tools allow you to monitor the evolution of @supertv.kg Engagement Rate over time on Instagram. This data helps you assess the effectiveness of @supertv.kg engagement strategies.
How can understanding @supertv.kg audience's demographics on Instagram?
Gaining insights into @supertv.kg audience's demographics on Instagram can be immensely valuable. It enables you to tailor your influencer content and marketing strategies to better resonate with @supertv.kg followers, as you'll have information about their age, gender, location, and interests.
How can I leverage brand affinity data to improve my marketing strategy on Instagram with @supertv.kg?
Brand affinity data is a powerful tool to understand which brands or products your audience is most interested in. This information can guide your content collaborations and partnerships on Instagram, enhancing your engagement with your target audience.