Naziraaytbekova's Instagram Audience Analytics and Demographics

@naziraaytbekova

Kyrgyzstan

Сотрудничество @bloggersmedia.pro +996 509 220 969 Айпери
naz▓▓▓▓▓@gmail.com
Kyrgyzstan
25–34

Business Category

Creators & Celebrities

StarNgage Profile

Free Promotion Count

0

Paid Campaign Count

0

Get Our Influencer Rate Card Today!

A brand new way for you to compare the rates of influencers across the world.

Learn More

PROFILE OVERVIEW OF NAZIRAAYTBEKOVA

64.2% of naziraaytbekova's followers are female and 35.8% are male. Average engagement rate on the posts is around 0.60%. The average number of likes per post is 6394 and the average number of comments is 413.

50% of the followers that engaged with naziraaytbekova regularly are from Kyrgyzstan, followed by Malta at 12.5% and Turkey at 12.5%. In summary, the top 5 countries of naziraaytbekova's posts engager are coming from Kyrgyzstan, Malta, Turkey, Spain, Greece.

Naziraaytbekova loves posting about Entertainment, Music, Actors, Cooking, DIY & Crafts, Food & Drink, Hair & Beauty, Fashion.

Check naziraaytbekova's audience demography. This analytics report shows naziraaytbekova's audience demographic percentage for key statistic like number of followers, average engagement rate, topic of interests, top-5 countries, core gender and so forth.

Followers
1,031,511
Avg Likes
6,394
Avg Comments
413
Posts
2,459
Global Rank
38,200
Country Rank
26
Category Rank
2

GENDER OF ENGAGERS FOR NAZIRAAYTBEKOVA

Female
64.2 %
Male
35.8 %

AUDIENCE INTERESTS OF NAZIRAAYTBEKOVA

  • Beauty & Fashion 54.47 %
  • Business & Careers 40.77 %
  • Fitness & Yoga 35.63 %
  • Travel & Tourism 35.49 %
  • Music 33.74 %
  • Art & Design 33.56 %
  • Sports 32.79 %
  • Books and Literature 31.48 %
  • Movies and TV 30.78 %

AUDIENCE COUNTRIES OF NAZIRAAYTBEKOVA

  • Kyrgyzstan 50 %
  • Malta 12.5 %
  • Turkey 12.5 %
  • Spain 12.5 %
  • Greece 12.5 %

RECENT POSTS

4,449 137

Жараткан эскертет экен. Укпай коёбуз. Экинчи ирет эскертет анан. Дүнүйөкордук адам баласына кайдан бүткөн сезим болду экен ким билсин? Көкүрөк кыйкырып жатса деле, көзүбүз күйүп кетет. Көкүрөк менен көздүн күрөшүндө көр топуракка гана тойчу көзгө алданабыз. Баары кеч болуп калганда бармак тиштейбиз. Өкүнөбүз. Ооруп аткан жерибиз жеңилдей түшсүн деп сөзсүз күнөөкөр издейбиз. Актанабыз. Сыйрылып чыккыбыз келет. Бирок миң актанып , өзүңдү акка чыгарба тээ түпкүрүндө жашап, ар бир катаңда , кебез менен мууздап, азабына миң кактаган акыйкатты көрмөксөнгө салуу мүмкүнбү? Алкымды тыйууда кыйналдык. "Керегем сага айтам, келиним сен ук. Уугум сага айтам, уулум сен ук" деди Жараткан. Башканын мисалында далай көргөздү . Күйөөрүн билсе деле отту көздөй делбектеп учкан көпөлөк көп азыр...Жаратканды тыңшабай жатабыз... Кечир, бизди. Жеңилинен бере көр . "Акыйкат" дедик "Алкым" келди. #жөнэлеойлор

7,525 765

Сиздерден келген катты ушинтип окуп алып жыргайм да. Ичи - сырты бал , мыкты адамдардан жылуу, мээримдүү каттар келет. Турмушунда кыйынчылыгы көп, жан дүйнөсү ызага толгон адамдан уу сөздөр келет. Бейпилдикте жашаган адам эч качан башкаларды уулабайт анткени. "Атасыз өскөн да. Ошон үчүн тарбиясыз" дегендер , бул сөзгө терикпейм. Анткени чындыгы бар. Атам болсо, балким тизгинди тартып, айбыгып, арыдан бери болуп турмактырмын. Бирок тагдырга капачылыгым жок. Тарбиябыздыгым, ээн - эркин жүргөнүм, ачыктыгым жашоомдо аябай көмөк болду. Өзгөчө максаттарга жетүүдө жардамы көп. "Эри ырас эле таштап кетиптир. Ушунун ушундайынан качып кетти да" дегендердин да чындыгы бар. "Ырас эле кетиптир" дейм ичимден. Башка бирөөнүн көлөкөсүндө өспөй калмакмын. Жашоомдун тизгини өз колумда. Кулак - мээ тынч. Ага да жакшы болду, мага да сонун. "Жалап , шерменде" мындай сөздөр байма бай келгендиктен терикпейм . Төшөк жаатта көйгөйү барлар, импотенттер, муздак аялдар, комплекси барлар гана мындай сөздөрдү колдонот. Дөңгөч болгондон көрө ысык жан болгонго не жетсин?! 😁 Мен баарыңарга бакыт тилейм. Деги эле кемибегиле! Табалабагыла. Тарс эле кууп келет тагдыр. Андан көрө бакыт тилегенди үйрөнгүлө. Өзүңөр да бактылуу болосуңар. #жөнэлеойлор

3,624 73

Элдин кызы болгон кандай сонун?! @felice.bishkek Италия рестораны бүгүн үй бүлөм менен конокко чакырды. Сыйыңызга ырахмат! Керемет эс алуу! Тамактары укмуш даамдуу экен! Сүрөттө апам, таежем, уулум, мен. 🥰

12,917 2,153

Эсин жоготкондо, эл тарабынан тепкиге алынганда, Энелигим ойгонду. Канатыма салып калкалап, ага тийген таштарды жонум менен тосгум келди. Ичиндеги күйүп - жанып аткан сезимин байкабаганыңар өтө өкүнүчтүү. Телефон тиктеп, алыстан кыйын болуп отурган жок. Болгон каалганы сүзүп көрдү. Чыга турчу жол издеди. Маек алдым бүгүн. "Миң жек көрсүн элим, сындасын. Мен тараптан сүйүү гана болот" деди. Битке өчөшүп, көйнөк өрттөмөк беле анан? Бир дагы тарыхый адам учурунда бааланган эмес. Тепки жеген. Бизде өлгөндөн кийин гана сыйлык, наам берип, эстелик тургузмай бар. Колуман келишинче , миң жаман көрүп, жармаңарды бербей койсоңор да, көкүрөгүм көкүрөгү таза экенин билсе, жардам берем! Жакшы көрөм сени, Тилек. Учурунда эл кыйналып турганда айыл - айыл кыдырып, кислород орноштурган сен болчусуң! Башкасы унутса да, мен унуткан жокмун. Көп жаша! Үмүтүбүз үзүлсө да, Тилегибиз өчпөсүн! Тилек Токтогазиев

8,459 333

Өйдө чыгып, ылдый түшүп, чуркап - мүдүрүлүп, ыйлап - жыргап...мына жашоо! Керемет эмей эмне? Сонун да! Түстүү даамы, ачуусу - таттуусу менен жакшы ! Кабыл алдым. Ыраазымын! Революционерка жашайт ичимде! Балким революциянын жеңиши күнү жарык дүйнөгө келгеним үчүндүр . Өлгөн балыктай суунун агымы менен акпай, каршы агуу, жашооңду, турмушуңду өзүң куруу сонун! Эки колун колтугуна салып алып, үйдө телефон кучактап, элдин баарын сындап, ашата сөгүп, өз жашоосунда кыйрата албагандардын эмес, тарых жараткандардын катарында бол! Элмирбек агам айткандай "Жаркырап жаша!" Ката кетир, жаңыл, тажрыйба топто бирок! Мүдүрүл, жыгыл! Бирок тизеңди күүп туруп, чуркап кет! #жөнэлеойлор

3,353 120

Эскини жеңүү Президенттин отставкасы менен келбейт. Ал үчүн жаңы көз караштагы жетилген адамдарга бийлик бутактарына келүүсүнө шарттар түзүлүсү керек. Ушул максатта активисттердин билдирүүсү: 6-октябрь күнү шайлоонун таза өтпөгөндүгүнө байланыштуу оппозициялык саясий партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып чыгышкан. Бул шайлоо биздин "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" мыйзамыбыз туура эмес экендигин көрсөттү. Бийлик, калктын тагдырын чечүү жалаң акчалууларга гана тиешелүү экендигин далилдеди. 3-ынкылаптын максаты бүгүнкү күндө ишке ашып, саясий күчтөрдүн баарына бирдей шартты түзүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын " Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо" мыйзамына төмөндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылабыз: 1) шайлоо босогосун 3%га түшүрүүнү, 2) күрөөнү 1 000 000 сомго, 3) форма-2ни колдонуунууга тыюу салууну, 4) шайлоо фондун 10 000 000 сомдон ашпашын талап кылабыз. #platforma20

12,940 2,522

Ансыз да кыжалат болуп, шайлоонун жыйынтыгына шай кетип, үмүт үзүлүп, келечегибизди тарттырып алгандай зээн кейип турган. Сабакка бараткам. Аянтка бутум тартып кетти. Мени көргөн тааныштарым, энеси келген эмедей сүйүнүп, ой - боюма койбой, эки колдон көтөрүп туруп, трибунага чыгарып коюшту. Бийиктиктен корккон жаным башым тегерене түштү. "Тамада" Сыймык Жапыкеев болуп жаткан экен. Шайлоодо жаштарга , жаңы партияларга боор тарткам. Берки карышкырлар бул бөлтүрүктөрдү соо койбосун билсем деле алсыздардын жанында тургум келди. Келечек ошолордон көрүнгөнсүдү. Болгон үмүтүм жаңы партияларда эле. Тамтаңдап улам биринин кеңсесине барып, биригүүсүн өтүнүп жүрдүм. Мага окшоп "Мекен үчүн бекер иштеп берем!" деген кесиптештерим бар болчу. Жаман оюмда бириктирип туруп, артынан түртмөлөсөк , өтүп кетет " дедим. Баары келжейип, Кыргыздын туусунан, кыргыздын намысынан партиясынын туусун бийик тутуп, аттын башындай амбициясынан кечип өтө албай коюшту. Трибунада акылыма келген алгачкы нерсе ушул болду. "Буга чейин мекен үчүн бириге албагандар, азыр бийлик үчүн биригип жатпагай эле" маанисинде сүйлөп, ынтымакка, биримдикке чакырып жаткам. Сөзүм аяктап калганда жанымдагы "нервный тамада" кулак түпкө келип туруп "Соке кетсин деп айтпайсыңбы !" деп кыйкырды эле чочуп кетип ошол кишини кетсин дедим! Албетте кетишин менден да каалаган адам болбосо керек. Бирок даярданганга убакыт берсе, башкача формада айтат белем ким билсин! Бирок поезд өтүп, ооздон сөз чыккан соң, актанып, даттанып не кереги бар? Ал сөзүмдүн артында турдум. Турам дагы. Урматтуу Сооронбай Шарипович, жамандыр - жакшыдыр башыбызда турдуңуз. Тагдырыңызда ажолук да бар экен. Өйдө - ылдый күндөр болду. Жумшак, жоош адам экенсиз айрым учурда катуулук жетпей жатты. Кыйналган күндөрдө өзгөчө башчыбызды, Журт атасын таппай убара болдук. Бийликтен түшүп, алсыз болуп турган адамды төпөштөш адамгерчиликке жатпайт. Акыйкатсыздык болуп калат.Учурунда "Соке", "Шариман" дедик. Жашыңызды эске алган жокпуз. Ажолугуңузга да караган жокпуз. Кечирим сурайм! Башкаларды билбейм, бирок өз атыман кечирим сурайм бүгүн! Кан төкпөй, учурунда кетип калганыңызга ырахмат. Кыргыз эли ажого , ханга жарыбай жүрөбүз. Балким пейилибизден таап ж

6,002 117

Интервьюну дайым эле сага жаккан адамдан ала бербейсиң. Сага жакпаган, же нейтралдуу адамдан да алганга туура келип калат. Бир адам менен маек курсам, анын күйөрманы , же ага боор тарткан адам катары карабоо кажет. Бизде эң жаман сапат өз көз карашыңды, пикириңди таңуулай берген жаман. Үйдө таңууланып көнүп калганбыз да анткени. Эмнеге силерге жаккан адам, же пикир, көз караш мага жагыш керек? Эмнеге силерге жакпаган адам, пикир, көз караш мага жакпаш керек? Мен өз оюмду ачык айтканга милдеттүүмүн. Менин өзүмдүн тандоом бар. Дагы бир жаман сапатыбыз адамдан профессионалдуулугун бөлүп карай албайбыз да. Бир адам жакшы адам болушу мүмкүн бирок ал жакшы адам болгону менен жаман адис болушу мүмкүн. Жакшы адис бирок адамгерчилиги ит болушу мүмкүн. Иши жакпаса, дароо адам катары да чийип салган болбойт. Адам жакса, колунан келбесе деле иш бере берген да болбойт. Ушул жаатта чоң ката кетирет экенбиз. Бири бирибизди тыңшап, пикирибизди, тандообузду сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек экен. Анан мен эмнеге силерге коошпогон пикиримди айткандан коркушум керек? Жаман көрсөңөр, жармаңарды бербей эле койгула, бирок өз пикиримди, тандоомду сыйлайм жана анын артында бекем турам! #жөнэлеойлор

4,818 34

Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылары" чыкканда түнү менен уктабай, эртеси эртең менен жумушуна жетип барып экини сатып алган элем. Бүгүн агама #жөнэлеойлор китебимди белек кылганы издеп бардым. Анын ою мага өтө маанилүү анткени. " Калем акың. Бири бирибизди колдобосок, ким колдомок эле?" деп ой - боюма койбой, 500 сом карматты. "Окуп чыгайын. Пикиримди билдирем" деди. Чыдамсыздык менен күтөм эми. Сүйлөшүп отуруп калдык. "Жакшы көргөн балаңа бийлик, байлык берип сына!" деген жакшы сөз айтты. Садыр мырза бүгүн легитимдүү премьерликке бекиди. Миң укмуш адам болгон күндө дагы баарынан Мыйзам улук. Аны тебелегенге уруксаат бербейли. Ошондо гана тартип орнотулат. Башчыбыз мыйзам тебелей турса, баары тебелейт . Эми элим жакшы көргөн уулуна убакыт берсин. "Иштейм!" деп күйүп жанып атса, иштесин! Бут тоспойлу! Биз - жаштар, дагы эле бийликке көпөстөр эмес , көңдөйлөр да эмес иш билги, башкача ойлонгон, жаңы система кура ала турган жаңы жүздөрдү каалайбыз. Садыр мырза муну эске алат жана жанына карышкырларды эмес билимдүүлөрдү, билеги күчтүүлөрдү эмес билими күчтүүлөрдү топтоп, Кыргызстанды сүйрөп чыгышына тилектешпиз. Кечээ жаштар чогулуп, билим жаатта кандай көмөк көрсөтө алабыз деп ойлондук. Көп пикирлер келди. Бул арабаны Садыр Жапаров гана сүйрөбөйт. Чогуу кол кабыш кылалы! Жаштар мыйзам , тартип үчүн тик турабыз! Бир дагы саясатчынын же партиянын кулу болбойлу! Биз өнүгүүнүн, Мыйзамдын артында туралы! #жөнэлеойлор

PEOPLE ALSO VIEWED

Looking for the next influencer in Kyrgyzstan to work with?
Have you considered to work with the following influencers?

18.6K
-
0.40 %
Kyrgyzstan DJ, Producers, Music
66.2K
-
-
Kyrgyzstan Shopping, Fashion
40.5K
-
0.30 %
Kyrgyzstan Fashion
46.1K
-
-
Kyrgyzstan
47.7K
-
0.10 %
Kyrgyzstan
16.6K
-
0.04 %
Kyrgyzstan Cars, Audi
128.9K
-
1.20 %
Kyrgyzstan Moms, Modeling, Fashion
83.8K
-
-
Kyrgyzstan Fashion, Styling
196.8K
-
6.10 %
Kyrgyzstan Fashion, Gym, Modeling
32.8K
-
1.90 %
Kyrgyzstan Fashion, Gym, Modeling
76K
-
-
Kyrgyzstan Fashion, Gym, Modeling
23.7K
-
-
Kyrgyzstan Travel, Fashion
523.1K
-
0.80 %
Kyrgyzstan Dance, Music, Choreographer
70.3K
-
0.20 %
Kyrgyzstan Events, Art, Fashion
20.9K
-
0.50 %
Kyrgyzstan Fashion, Modeling, Fashion Design