Supertv.kg's Instagram Audience Analytics and Demographics

@supertv.kg

Kyrgyzstan

💥Exclusive interviews, 🎤Reports, ⚡Lives SUPERTV ⤵️ 🔵 PR : 📱 0222882929
sup▓▓▓▓▓@gmail.com
+99▓▓▓▓▓48
Kyrgyzstan
25–34

Business Category

Publishers

Get Our Influencer Rate Card Today!

A brand new way for you to compare the rates of influencers across the world.

Learn More

PROFILE OVERVIEW OF SUPERTV.KG

54.1% of supertv.kg's followers are female and 45.9% are male. Average engagement rate on the posts is around 0.08%. The average number of likes per post is 893 and the average number of comments is 86.

Supertv.kg loves posting about News.

Check supertv.kg's audience demography. This analytics report shows supertv.kg's audience demographic percentage for key statistic like number of followers, average engagement rate, topic of interests, top-5 countries, core gender and so forth.

Followers
1,190,480
Avg Likes
893
Avg Comments
86
Posts
6,031

GENDER OF ENGAGERS FOR SUPERTV.KG

Female
54.1 %
Male
45.9 %

RECENT POSTS

69 4

Бүгүн, 6-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Япония парламентиндеги «Япония-Кыргызстан» достук лигасынын жетекчисинин орун басары Тосиаки Эндо баштаган делегация менен жолугушту. Андасаясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселеси талкууланып, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Шакиев өткөн жылы Япония менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгонун эске салып: “Бул жылдар аралыгында өз ара ишенимге негизделген тыгыз кызматташтык калыптанды. Айрыкча саламаттыкты сактоо, инвестиция тартуу, санариптештирүү жаатында байланыштар бекемделип, бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондой эле билим берүү тармагындагы алакалар жигердүү уланып, кыргызстандык улан-кыздардын Япониянын университеттеринде билим алуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлдү”, – деди. Төрага эки өлкө ортосундагы байланыштарды кеңейтүүдө парламенттердин да ролу чоң экенин белгилеп, акыркы жылдары эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп жатканын кошумчалады. Анын ичинен депутаттык достук топторунун ортосунда конструктивдүү диалог калыптанганын белгиледи. “Бүгүнкү иш сапар дагы мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүнө көмөкчү болот деген ишеничтемин. Кыргызстан өнүккөн Япония менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууга кызыкдар. Бизде тоо-кен, энергетика жаатында мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Өзгөчө төрт мезгилди камтыган экотуризмдин потенциалык кең. Андыктан япон инвесторлорун биргелешип иштөөгө чакырабыз”, – деди Нурланбек Шакиев. Өз кезегинде Япония парламентиндеги «Япония-Кыргызстан» достук лигасынын жетекчисинин орун басары Тосиаки Эндо жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. “Мен жетектеп келген делегациянын курамында депутаттардан тышкары, эл аралык каржылык уюмдардын, өндүрүштүк компаниялардын өкүлдөрү жана ишкерлер бар. Анткени Япония Кыргызстан менен саясий-экономикалык байланыштарды кеңейтип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар”, – деди Тосиаки Эндо.

100 13

6-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы депутат Фархат Исмаиловдун мандатын чакыртып алды. Мындай чечим Билим берүү министрлигинен депутаттын жасалма диплому тууралуу маалыматынын негизинде кабыл алынган. Министрдин биринчи орун басары Уланбек Усековдун айтымында, Исмаилов КУУга кабыл алынган эмес. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар

330 67

УКМК депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары боюнча маалымат таратты. УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлган. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (массалык баш аламандыкка чакыруу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда УКМК тарабынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынган. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97 беренесинин негизинде УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М.дин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенжерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыгыз байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан», — дешти. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар

212 31

Бүгүн, 6-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Фарходбек Алимжановду каттоону жокко чыгарды. БШКнын чечими менен анын депутаттык мандатына байланыштуу чечимдер жокко чыгарылды. БШК анын жогорку окуу жайды бүтүргөнү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматын уккандан кийин ушундай бүтүмгө келген. Билим берүү министрлигинин комиссиясы Алимжановдун диплому одоно мыйзам бузуулар менен берилгенин, ал Кыргызстанда болбогондуктан мамлекеттик экзамендерди тапшырбаганын аныктаган. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар

298 40

Кармалган Улан Жапаров чындап эле мамлекет башчысынын тууганы. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. «Ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө. Муну билген соң президент Садыр Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат», — деди ал. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар

2,687 241

2022-жылдын 18-июль күнү Тору-Айгыр айылында көл жээгинде желденме матраста сууга түшүп жатып сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишаны ата-энеси бүгүнкү күнгө чейин издөөнү улантып жатышат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги апасы менен байланышканыбызда маалым болду. «Издеп жатабыз. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен көлдө торлорду тазалоо иштери жүрүп жатыптыр, ӨКМдин кызматкерлери менен байланышабыз, балким табылып калат»,- дейт апасы. Өткөн жылдын 18-июль күнү Тору-Айгыр айылында 4 жаштагы Аиша сууга чөгүп кеткен. ӨКМ 20 күндөн кийин издөө ишин токтоткон. Ал эми кыздын атасы сөөгү жок жаназа окулганын айткан. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар

531 64

Орусияда «Миссис Сибирь — 2016» сулуулар сынагынын финалисти Виктория Головко кыргызстандык таксистти зордуктоого аракет кылган деп айыптады. «Аргументы и факты» басылмасынын 5-июлдагы маалыматына караганда, окуя Новосибирск шаарында болгон. 10-июнга караган түнү жолдошу экөө туулган күнүн ресторанда белгилешкен. Таңкы саат бештер чамасында күйөөсү ага такси чакырып, өзү жумушуна кеткен. Аялдын айтымында, таксист ачкычтарды издей баштаганда ага кол салган. Анын айтымында, кыргызстандык анын көйнөгүн айрып, ич кийимин чечүүгө аракет кылган. Аял каршылык көрсөтө баштаганда, жаран оозуна соккон. Головко белгилегендей, эгерде жакындап келе жаткан унаа болбосо, аны зордуктап салмак. Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан 18-июнь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) боюнча шектүү делип кыргызстандык кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. Унаада уктап калган аялды ойготууга аракет кылганын айткан. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар

427 22

Социалдык тармактын колдонуучулары Маевкада катталган жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат. Маалыматтарга караганда, Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан 2 адам каза болгон. Окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы маалымат таратып, кырсык кечээ, 5-июль күнү саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Маевка айылында катталганын, тергөө жүрүп жатканын билдиришкен. «Маевка айылында Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Жол кырсыгынын кесепетинен көз жумгандар бар. Азыркы учурда бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилип, тергөө амалдары жүрүүдө», — дешти. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар

724 53

Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайга стент коюу операциясы жасалды. Бул тууралуу маалымат Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун соцтармактагы баракчасында жарыяланды. Сейрек кездешүүчү жана оор жүрөк оорусуна чалдыккан баланын ата-энеси дарыгерлерге кайрылышкан. Ымыркайдын абалы өтө оор болгон. Маалым болгондой, хирургиялык кийлигишүү Оштогу кыргыз-орус клиникасынын базасында жасалган. Ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен өлкөнүн башкы кардиохирургиялык борборунан кардиохирургдар, перфузиологдор, анестезиологдор, эндоваскулярдык хирургдар бригадасы барышкан. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар

5,195 344

Казак актрисасы Асель Садвакасова менен Магжан Тлеухановдун үлпөт тою болуп өттү. Актриса тойдон видео, сүрөттөр менен байма-бай бөлүшүп турду. Иш-чара Luxury Bali Style стилинде Алматы шаарындагы мейманканалардын биринин ачык террасасында өттү. Алар кооздук үчүк ак түстү тандап алышкан. Буга чейин 38 жаштагы казак актрисасы өзүнүн жигитин коомчулукка көрсөткөн. Ачыктаган соң, анын 28 жаштагы Магжан Тлеуханов экени маалым болгон. Андан соң сөйкө салуу иш-чарасы болуп, экөө нике күбөлүгүн алышкан. #супертвкабарлар #серепмедиа #жанылыктар

2,922 281

Стамбулда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыз кечээ, 5-июлда аман-эсен табылган. 24-июнда Кыргыз жаранынан кызы акыркы эки күндөн бери байланышка чыкпагандыгы туурасында маалымат түшкөн. Анын айтымында, кызы Стамбул шаарынан Болгариянын Варна шаарына автобус менен бара тургандыгы белгиленген. Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматына мекендишибиздин Түркияга кирүү убактысын тактоо боюнча кайрылышкан. Кыргыз жараны эч тоскоолдуксуз Стамбул аймагына кирген деген маалымат алынган. 20 жаштагы кыргызстандык Жазгүл Шамуратованы кабыл алган Кадыкөй шаарынан Севинч Куртулуш аттуу ишкер айым маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайын айтып берген. Анын маалыматы Haberton басылмасына жарыяланды. Маалым болгондой, Жазгүл 24-25-июнь күндөрү Кадыкөйдө болгон жана жергиликтүү тургундар кызды аймактык полция бөлүмүнө алып барышканы айтылган. Анын Хасанпаша полиция бөлүмүнө кирип-чыгып кеткен учурлары видеобайкоо камераларына жазылып калган. Севинч Куртулуш кыргызстандык менен болгон сүйлөшүүнүн чоо-жайын айтып берди. «Мен аны Кадыкөйдө жолуктурдум. Мен бир кафеге келдим, ал жерде досум Хакан Бей ошол жерде болчу, ал мага орусча билгеним үчүн чалып чакырган экен. Мен аны менен сүйлөштүм, ал Болгариянын Варна шаарына барышы керектигин айтты. Стамбулда адашып калганын үч күн мурун аэропорттон чыгып, андан бери ачка экенин, ушул кафеде ага тамак бергенин, ошондой эле аэропортто чемоданын жоготуп алганын, ал жерде бирөө менен урушуп кеткенин айтты жана ал автобуска түшүп, адашып кеткен»,- деди ишкер айым. Жазгүлдүн айтымында, ал Варнага программа боюнча бир нече ай мейманканада иштөө үчүн бара жаткан. «Биз анын апасы менен байланышууга аракет кылдык, бирок майнап чыкпады. Ал аэропортто таштап кеткен же жоготкон чемоданын айта берди. Ал менден Варнага билет сатып берүүнү суранды, мен макул болдум, бирок ал паспортун жакын жердеги мейманканага таштап кеткенин айтты, бирок ал полицияга баргысы келген жок. Мен анын чемоданы полцияга кайрылганда гана табыларын айтып, аны көндүрдүм. Мен аны үйүмө чакырдым. Үйдө жарым саат эс алып, эжем менен сейилдөөгө кетти. Кийин уулум аны Хасанпаша полиция бөлүмүнө алып барган.

694 46

Той 3 саат эле болушу керекпи? «Кыргыз өлкөсүндө тойлордун убактысын 3 саат гана кылыш керек» деген Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абыловдун пикири коомдо талкууга алынып, ага макул да, каршы да болгондор ар тарап ойлорун айтышууда. SUPERTV телеканалы бул пикир боюнча талкуу кылдык. Стористеги шилтеме аркылуу көрүңүз

* Copyright: Content creators are the default copyright owners. These Images are published on public domains and respective social media for public viewing.

PEOPLE ALSO VIEWED

7.2K
-
1.43 %
Kyrgyzstan Fashion and Accessories, Modeling, Fashion Design
66.3K
-
0.11 %
Kyrgyzstan Beauty, Celebrity
48.9K
-
0.27 %
Kyrgyzstan Fashion and Accessories, Styling
61K
-
0.11 %
Kyrgyzstan Beauty and Self Care, Modeling
703.6K
-
0.04 %
Kyrgyzstan Fashion and Accessories, News
212.1K
-
0.02 %
Kyrgyzstan Entertainment and Music, News
202K
-
0.01 %
Kyrgyzstan Fashion and Accessories, Journalists
40.8K
-
0.07 %
Kyrgyzstan Nature, Home and Garden
125.7K
-
0.08 %
Kyrgyzstan Fashion and Accessories, Singer, Music
37.6K
-
0.63 %
Kyrgyzstan Travel, Adventure
38.1K
-
0.05 %
Kyrgyzstan Product Showcase, News, Modeling
24.9K
-
0.04 %
Kyrgyzstan Food, Food and Drink
57.1K
-
0.20 %
Kyrgyzstan Beauty and Self Care, Business and Finance, Modeling, Fashion Design
314.8K
-
0.16 %
Kyrgyzstan Beauty and Self Care, Modeling, Fashion Design
89.5K
-
0.06 %
Kyrgyzstan Fashion and Accessories, Topic Shopping Retail, Shopping & Retail, Personal Goods & General Merchandise Stores