Sputnik_kyrgyzstan's Instagram Audience Analytics and Demographics

@sputnik_kyrgyzstan

Kyrgyzstan

Сонку кабар, күндүн жаңылыктары. WhatsApp/Telegram +996999566544
new▓▓▓▓▓@sputnik.kg
+99▓▓▓▓▓33
Kyrgyzstan
18–24

Business Category

Publishers

Get Our Influencer Rate Card Today!

A brand new way for you to compare the rates of influencers across the world.

Learn More

PROFILE OVERVIEW OF SPUTNIK_KYRGYZSTAN

37.5% of sputnik_kyrgyzstan's followers are female and 62.5% are male. Average engagement rate on the posts is around 0.03%. The average number of likes per post is 117 and the average number of comments is 7.

Sputnik_kyrgyzstan loves posting about Education, News, Cars.

Check sputnik_kyrgyzstan's audience demography. This analytics report shows sputnik_kyrgyzstan's audience demographic percentage for key statistic like number of followers, average engagement rate, topic of interests, top-5 countries, core gender and so forth.

Followers
534,680
Avg Likes
117
Avg Comments
7
Posts
20,412

GENDER OF ENGAGERS FOR SPUTNIK_KYRGYZSTAN

Female
37.5 %
Male
62.5 %

AUDIENCE INTERESTS OF SPUTNIK_KYRGYZSTAN

  • Travel & Tourism 70.74 %
  • Beauty & Fashion 60.54 %
  • Photography 59.78 %
  • Business & Careers 47.46 %
  • Books and Literature 43.50 %
  • Luxury Goods 41.15 %
  • Music 38.32 %
  • Technology & Science 36.69 %
  • Cars & Motorbikes 33.66 %
  • Restaurants, Food & Grocery 32.33 %
  • Fitness & Yoga 32.33 %
  • Art & Design 32.33 %

RECENT POSTS

113 7

Асмандан ыр келет деп ойлоп... Акын Асылбек Маратовдун видеомаеги _________ Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет төкмөлүк өнөрдү 15 жашынан аркалаган Асылбек Маратовду кепке тартты. Маектешимден төкмө акындар сахнада көрсөткөн кыргыздын улуттук баалуулук, нарк-салттарын күнүмдүк кадимки жашоосунда, ал тургай баскан-турганында, сүйлөгөн сөзүндө да алып жүргөнүн байкадык. Маратов менен чыгармачылыгы, кыргыз тили, төкмөлөрдүн ич ара мамилеси, кыргыздын келечеги боюнча ой-толгоолору тууралуу кеп курдук. “Кабат-кабат үй салып, жолтандабас айдагандарды кыргыз эли культ кылып алгандыгы өкүндүрөт. Элибиз эзелтен “нарктуу уул бол”, “эл уулу бол, элдин кызы бол” деп бата берген. Менин балдарым чиновник эмес, дал ушундай нарктуулукту, салттуулукту жайылткан манасчы, комузчу, төкмө акын болсо кубанмакмын”, — деди ал.

335 9

Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Альбир Крганов Sputnik Кыргызстанга берген маегинде татар тилинде кыргызстандыктар, кыргыз жана татар элинин маданиятынын, менталитетинин окшоштугу туурасында айтып берди. Андан сырткары, өлкөбүздүн жаратылышынын кооздугу, аны башкаларга таанытуу туурасында да кеп козгоду. Төмөндө муфтий Кргановдун Кыргызстан туурасында татар тилинде айтып берген видеосун тартуулайбыз. Ал Кыргызстан калкы ага жагарын, ал эми кыргыз эли менен руханий жактан жакындыгын белгиледи. "Мен татар кишиси, мусулман кишиси болгондуктан тилибиз, динибиз - масхабыбыз бир экенин билем. Пайгамбарыбыз, китебибиз, маданиятыбыз бир. Ал тургай музыкаларыбызда окшоштук бар. Биздин калктар — маданияттуу эл. Менин байкаганым, Кыргызстан эли бирдиктүү, башкаларга чын дилден мамиле кылгандар абдан көп", — деди ал. Муфтий Кыргызстанга келгенде киндик каны тамган татар жергесинде жүргөндөй сезерин да айтып берди. "Кыргызстанга келсем татар айылдарында, өз жеримде жүргөндөй эле сезем, айырмасы жоктой. Сүйлөшкөнүбүз деле ошондой, менталитетибиз деле бирдей", — деген ал. Кыргызстандын жаратылышына суктанган Крганов өлкөгө туристтерди көп тартууну, бул жаатта атайын программалар зарылдыгын белгилеген. Ал эми интервью менен толук жакында тааныша аласыздар.

183 9

Башкаларга окшобоо жыргалбы же азаппы? Кыргыз альбиносу Усманалинин маеги ____________ Альбиностор тери, каш-кирпигинен бери аппак төрөлүшөт. Анткени алардын организминде ткандарга өң берүүчү зат, меланин жок болот. Мына ушундай генетикалык жактан тукум кууган белгинин ээси, сырдуу, планетада сейрек кездешүүчү альбиностордун бири Баткен облусунун тургуну Усманали Кубанычбек уулу Sputnik маалымат агенттигине маек курду. Баарлашуу учурунда Усманали бала чагы тууралуу көп кеп козгогусу келбегени байкалып турду. Ошентсе да анын альбинос экенин апасы төрөтканадан укканын жылмайып эстеди. Беш жыл бою сүйлөшүп жүргөн кызына жетпей калганы, ырчы болуу кыялы тууралуу жана “альбиностор күнгө күйсө эмне болот?”деген сыяктуу кызыктуу суроолорго чын дилинен жооп берди.

74 7

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баланы энесинин атына каттоого каршы экендигин билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. "Матчествого" жол жок. Аны ким кабыл алган болсо, өзү жокко чыгарсын! Бул менин жарандык позициям", — деди Ташиев. Буга чейин Кыргызстанда бул маселенин айланасында ызы-чуу чыккан. 2-июлда кыргызстандык активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген. Бул маселе боюнча ал көптөн бери соттошуп келе жаткан, активисттин арызын Жогорку Сот үстүбүздөгү жылдын февралында кароо үчүн кабыл алган. "Эми жашы жеткен бардык балдар апасынын атына катталса болот. Менин 16 жаштагы уулум — Капалов Данияр Алтыновичти куттуктайм. Ал жакында паспорт алып, атасынын ысымынын ордуна менин атымды жаздыра алат", — деп кабарлаган Капалова. Ошол эле учурда социалдык тармакта балага энесинин атын берүүнү туура көрбөй, сын-пикирлерин жазгандар арбын болууда. Бул улуттук каада-салттарга каршы келерин билдирип жатышат. Ошондой эле мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен муфтият да баланы энесинин атына каттоого каршы экендигин билдирген.

40 2

Баткен мамлекеттик университетинин археологиялык табылгалары Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Аталган окуу жай жүргүзгөн археологиялык казууда I жана VI кылымдарга таандык кумура, курдун тогосу, бычак, канжар сыяктуу табылгалар, эки адамдын жанаша жаткан сөөктөрү табылган. Европадагы радиоуглероддук лабораторияда антропология, геология, генетика боюнча анализдер жана изилдөөлөр чыгарылары пландалууда. "15 адамдан турган археологиялык топ 11-июндан 22сине чейин 10 күндүк казуу иштерин жүргүздү. Ал Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаеванын жетекчилигинде жасалды", — деп айтылат маалыматта. Илимий изилдөөгө ОшМУ, ОшМПУ жана БатМУнун магистранттары менен студенттери катышты. Билим берүү министрлиги 1956-1960-жылдардан бери Баткен районунун аймагында археологиялык илимий изилдөө жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.

65 3

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин Өзбекстандын "Бунёдкор" клубун жетектеди. Бул тууралуу Championat Asia кабарлады. "Бунёдкор" сыяктуу өзүнүн салттары жана баалуулуктары бар клубдун сунушун сыймыктануу менен кабыл алдым. Анткени мындай командаларда башкы машыктыруучу болуп иштөө ар бир адис үчүн сыймык. Ошондуктан биздин сүйлөшүүлөр көпкө созулган жок", — деген Крестинин. Ал кырдаалды жакшы жакка өзгөртүү керектигин, бул көп эмгекти талап кыларын кошумчалаган. "Команданын машыгуу базасы жана "Бунёдкордун" академиясы менен жакында эле тааныштым. Бардык клубдарда мындай шарттар жок деп ишенимдүү айта алам. Демек, жыйынтык үчүн түзүлгөн шарттар оптималдуу болушу керек", — деди жаңы машыктыруучу. "Бунёдкор" командасы азыр Өзбекстандын чемпионатында сегизинчи орунду ээлейт (бардыгы 14 клуб бар). Александр Крестинин 9 жыл Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. Анын жетекчилиги астында команда дүйнөнүн эң мыкты 100 командасынын катарына кирип, 2019-жылы биринчи жолу Азия кубогуна катышып, жолдомо алган.

187 13

Абубакир Изибаев атындагы Мамлекеттик циркти оңдоо иштери жакынкы убакта башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда, цирктин имаратынын абалын көрүүгө барганда билдиргенин маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчы цирктеги жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, имаратты капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаты бөлүнөрүн айткан. “Бүгүнкү күндө мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Маданият министри Алтынбек Максутовдун айтымында, учурда цирктин директору кызматына талапкерлер конкурстук тандоодон өтүп жатат. Буга байланыштуу Садыр Жапаров чыгармачыл жамаатты биримдикте болууга жана цирк өнөрүн өнүктүрүүгө умтулууга, анын өнүгүшүнө тоскоол болуучу топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө чакырды”, — деп айтылат маалыматта. Андан соң Жапаров Бишкектеги 10-кичи районунда жайгашкан Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бирине барган. Имараттын жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашып, бир бөлүгү дээрлик максаттуу пайдаланылбагындыгы айтылат. “Садыр Жапаров аталган имараттын жарымын Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү жана капиталдык оңдоодон өткөн жаңы жалпы билим берүүчү мектеп катары жабдууну тапшырды”, — деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

112 2

Садыр Жапаров билим берүү, саламаттык сактоо объектилерине, ички иштер органдарына өз муктаждыктары үчүн "Бишкек наабайкана" ишканасынан нан азыктарын сатып алууну тапшырды. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчы бүгүн аталган муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан. Учурда наабайкана бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды жана калктын социалдык аялуу катмарын нан азыктары, кондитердик жана башка продукциялар менен камсыз кылат. Ошондой эле ишканада өзүнчө лаборатория, алдыңкы технология колдонулары маалымдалды. “Бүгүнкү күндө өндүрүштүк кубаттуулуктун 25-30 пайызы гана иштеп жатат. Наабайкана өз ишин чарбалык эсептөө жана өзүн-өзү каржылоо шарттарында жүргүзөт”, — деп айтылат маалыматта. Жапаров ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына наабайкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

139 33

Чүйдө 20 жаштагы баланы уурдап кетүүгө шектелип үч киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Токмок шаардык ИИБге 35 жаштагы М.К. кайрылган. Ал 4-июль күнү кечинде анын 20 жаштагы К.М. аттуу иниси №3 кичи райондогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбегенин кабарлаган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча иш козголгон. Анын алкагында кылмышка шек жаратып 35 жаштагы М.К., 40 жаштагы Т.И., 27 жаштагы Б.К. колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалымат боюнча, ортодо чыккан чырдан улам шектүүлөр К.М. үйүнө келип, аны сыртка чакырып алып сабашкан. Андан соң машинага салып келип, колун байлап туруп Чоң Чүй каналына ыргытып салышкан. Учурда тергөө амалдары уланууда. Бала табыла элек.

100 0

8-10-июль күндөрү Кыргызстандын аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаайт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Буга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

52 0

Кыргызстанга контрабанда жолу менен алып келинип, Өзбекстанга жөнөтүүгө даярдалган ири көлөмдөгү дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, 5-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында Кыргызстандын Р.С.Г. аттуу жараны 9600 даана "Зардекс" (Индияда жасалган) препаратын укук коргоочуларга ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген. Анын баасы Өзбекстандагы көмүскө базарда 288 миң долларды түзөт. Ал эми 6-июлда бул каналдын уюштуруучусу Г.И.Н. аттуу кишинин Кара-Суу районунун Шарк айылындагы үйүнөн 591 даана "Тропикамид" (көзгө тамчылатчу) алынган. Келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион 867 миң сомдун тегерегин түзгөнү белгиленди. "Жогоруда табылган дары-дармектерди Өзбекстанга жөнөтүү үчүн эч кандай уруксат кагаздары жок Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып келинген. Ал жакта жаштар бул дарыны жеңил баңгизат катары колдонушат", — деп айтылат маалыматта. Натыйжада Г.И.Н. кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

143 1

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. УКМКнын маалыматы боюнча, ал 2021-жылдын сентябрында кыргызстандыкты коркутуп, анын Mercedes S500 үлгүсүндөгү автоунаасын жана 17 миң доллар акчасын тартып алган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал мурда бир нече ирет соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Аны менен кошо дагы бир киши кармалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

* Copyright: Content creators are the default copyright owners. These Images are published on public domains and respective social media for public viewing.

PEOPLE ALSO VIEWED

36.8K
-
0.09 %
Kyrgyzstan Product Education, Auto and Vehicles, Home and Garden
3M
-
0.37 %
Kyrgyzstan Photography, Gym, Modeling
160.1K
-
-
Kyrgyzstan Education, Home and Garden
81.2K
-
0.42 %
Kyrgyzstan Food, Food and Drink
11.9K
-
0.18 %
Kyrgyzstan Pets, Fashion
34.3K
-
0.17 %
Kyrgyzstan Home and Garden
40.5K
-
0.40 %
Kyrgyzstan Travel, News
37.5K
-
0.03 %
Kyrgyzstan Fashion and Accessories, Home and Garden, Gym, Modeling
27.4K
-
0.38 %
Kyrgyzstan Family, Education, Parenting
107.6K
-
0.04 %
Kyrgyzstan Home and Garden, Gym, Modeling
98.2K
-
0.00 %
Kyrgyzstan Beauty and Self Care
31.8K
-
0.18 %
Kyrgyzstan Beauty and Self Care
43.6K
-
0.17 %
Kyrgyzstan Fashion and Accessories, News
3.3K
-
4.26 %
Kyrgyzstan Outdoor Activity
26.2K
-
0.07 %
Kyrgyzstan Home and Garden, Business and Finance